БИШКЕК, 16-октябрь — Sputnik. Ректордун милдетин аткаруучу Сергей Волков Кыргыз-Орус Славян университетинде расмий түрдө тааныштырылды, деп билдирди университеттин басма сөз кызматы.
Иш-чара университеттин кызматкерлерин, декандарын жана студенттерин бириктирген кеңейтилген окумуштуулар кеңешинин алкагында өттү. Жаңы жетекчини Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин башчысынын орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырды. Кененирээк окуу