БИШКЕК, 25-октябрь — Sputnik. Кыргыз-Орус Славян университетинде Евразия өнүктүрүү банкынын бренддик аудиториясы ачылды, деп билдирди уюмдун басма сөз кызматы.
Аудиторияны ЕӨБ Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте Кыргызстанда МЖӨ институционалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө техникалык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында ачты. Кененирээк окуу