Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) Кытай Эл Республикасынын (КЭР) түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Негизги окуялардын бири Дүйнөлүк тилдер институтунун жана заманбап технологиялар менен жабдылган лингвистикалык лабораториянын ачылышы болду. Лаборатория котормочу кесибин практикада өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Иш-чарага ардактуу коноктор, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Ал өз сөзүндө бардыгын КЭРдин юбилейи менен куттуктап, эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Урматтуу достор! Сиздерди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы жана КРСУда Дүйнөлүк тилдер институтунун ачылышы менен куттуктайм. Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү — маанилүү тарыхый этап болуп саналат. Кыргызстан менен Кытай — өз ара урматтоо принциптеринде мамилелерди курган достук коңшулар. Май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында маанилүү келишимдерге жетишилди, бул биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрдү. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында эле мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүү 9 миллиард долларга жакынды түздү жана бул чек эмес. Кыргыз Республикасы Борбор Азия менен Россиянын дарбазасы. Азыр институтка айланган кафедранын эмгегинин үзүрүн бүгүн көрүп жатабыз. Сиздерге мындан аркы ийгиликтерди каалайм!» — деп баса белгиледи Эдил Байсалов.
Толук оку