КРСУда 30 жылдык мааракесине карата масштабдуу концерт өттү

КРСУда 30 жылдык мааракесине карата масштабдуу концерт өттү

13 октябрь 2023

Категория: Маданият

Бөлүшүү:

БИШКЕК, 12-октябрь – Sputnik. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде университеттин 30 жылдыгына арналган концерт өттү.

Майрамга ардактуу коноктор, КРСУнун бүтүрүүчүлөрү, эң ийгиликтүү студенттер жана башка чакырылгандар катышты.

Сибирь федералдык университетинин ректору Максим Румянцев, Беларусь-Россия университетинин ректору Михаил Лустенков, Мамлекеттик академиялык гуманитардык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Илья Сокольщик, Санкт-Петербург политехникалык университетинин эл аралык иштер боюнча проректору Дмитрий Арсеньев КРСУнун ректоруна белектерди тапшырышты.

Концертте кыргыз элдик бийи көрсөтүлүп, орус элдик ырлары аткарылды.

Булак

Артка кайтуу