БИШКЕК, 25-апрель — Sputnik. КРСУда "Тил көп түрдүүлүгү жана маданияттардын диалогу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү, деп билдирет университеттин басма сөз кызматы.
Иш-чара Илим жана инновация күнүнө карата уюштурулду. Уюштуруучулар Дүйнөлүк цивилизациялар жана тилдер институту жана КРСУнун эл аралык мамилелер факультети болгон.
Катышуучуларга КРСУнун илим боюнча проректору Евгений Шекунов жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алманбет Матубраимов куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты. Кийинки