Билим берүү министрлиги Россия Федерациясы менен кызматташуунун оң натыйжаларын белгиледи

Билим берүү министрлиги Россия Федерациясы менен кызматташуунун оң натыйжаларын белгиледи

10 апрель 2025

Категория: Билим берүү

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө биз жетишкен оң натыйжалар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы билим берүү тармагындагы көптөгөн тармактарда кызматташуубузду чыңдоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов "Евразия – салттуу баалуулуктардын аймагы" эл аралык коомдук жана бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, биздин ортобузда илимий изилдөө, мектепке чейинки жана кошумча кесиптик билим берүү тармагында кызматташууну активдештирүү, ошондой эле тематикалык класстарды ачуу аркылуу билим берүү дипломатиясын чыңдоо боюнча келишим бар.

Толук оку

Артка кайтуу