РУДА АГЫМЫНЫН СОСТАВЫН КОНТРОЛДОО
Долбоорду ишке ашыруучу негизги лабораториялар:
– Окуу жана илимий лаборатория «Тоо-кен иштери»
– Окуу жана илимий лаборатория «Жасалма интеллект жана киберкоопсуздук»
Долбоордун сүрөттөлүшү:
Долбоор рудалык чийки затты ташуу жана кайра иштетүү учурунда түздөн-түз сапатын контролдоо үчүн интеллектуалдык системаны түзүүгө багытталган. Чечим реалдуу убакыт режиминде руда агымынын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат алууга жана технологиялык процесстердин параметрлерин тез оңдоого мүмкүндүк берет.
Тоо-кен жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн чийки заттын сапаты өндүрүштүн натыйжалуулугун аныктоочу негизги факторлордун бири болуп саналат. Бирок контролдун салттуу ыкмалары мезгил-мезгили менен лабораториялык анализге негизделген жана руданын курамындагы өзгөрүүлөргө өз убагында жооп кайтарууга мүмкүндүк бербейт.
Иштелип жаткан система сырьёнун параметрлерин тузден-туз конвейердик линияларда жана ендуруштук участоктордо узгултуксуз контролдоону камсыз кылат. Алынган маалыматтар тегирмендердин ишин оптималдаштыруу, заряддоо процесстерин жакшыртуу, байытуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана технологиялык жоготууларды азайтуу үчүн колдонулат.
Өндүрүштүк маалыматтардагы жашыруун мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныктоо жана технологиялык режимдерди оптималдаштыруу боюнча сунуштарды түзүү үчүн жасалма интеллект алгоритмдерин колдонууга өзгөчө көңүл бурулат.
Негизги технологиялык чечимдер:
Руда агымынын курамын онлайн талдоо;
Интеллектуалдык маалыматтарды иштетүү;
Тегирмендердин жүгүн көзөмөлдөө;
Майдалоо процесстерин оптималдаштыруу;
Конвейердик системалардын абалына мониторинг жүргүзүү;
Рудалык таштандыларды аныктоо;
Санариптик эгиз өндүрүш менен интеграция;
Чечимдерди колдоо системалары.
Практикалык эффект жана натыйжалар
Ишкана сырьенун сапатын жана өндүрүштүн технологиялык параметрлерин оперативдүү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул пайдалуу компоненттерди казып алууну көбөйтүүгө, руданын коромжусун азайтууга, энергиянын чыгымдарын кыскартууга жана кайра иштетүүчү жабдуулардын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.