2023-жылдын 18-ноябрында Кыргыз-Орус Славян университетинин Сыноо борборунда орус тили кафедрасы менен биргеликте «орус тили» дисциплинасы боюнча Ачык Эл аралык студенттик интернет олимпиадасынын экинчи (акыркы) туру болуп өттү.
Ага Россиянын, КМШнын жана чет мамлекеттердин 69 университетинен 371 студент катышты.
Университетибизди 2-курстун 4 студенти коргоду: Кадыров Баян, Нургалеева Полина, Пинских Алина – архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин студенттери жана Шамшиев Альварис – медицина факультетинин студенти.
Олимпиаданын экинчи туру компьютердик онлайн тестирлөө түрүндө өттү. 45 мүнөттүн ичинде катышуучулардан фонетика жана орфоэпиядан баштап текст стилине жана сүйлөө маданиятына чейин «орус тили» дисциплинасынын 13 бөлүмү боюнча 25 тапшырмага жооп берүү сунушталды.