Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин 3-курсунун студенти Элнура Бейшеналиева Эл аралык студенттердин тилектештик күнүнө арналган достук фестивалында өз университетин татыктуу көрсөттү. Иш-чара Санкт-Петербург политехникалык университетинде (СПбПУ) өттү.
Фестиваль ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттерди бириктирип, тажрыйба, идеялар жана маданий салттар менен алмашуу үчүн аянтча түздү.
КРСУ өзүнүн студенттери менен сыймыктанат, алар окууда ийгиликке гана жетпестен, эл аралык иш-чараларда да өзүн көрсөтүп, университеттин дүйнөлүк аренадагы аброюн бекемдейт.