КРСУнун студенттери Президенттик стипендия менен сыйланышты

КРСУнун студенттери Президенттик стипендия менен сыйланышты

17 декабрь 2024

Бөлүшүү:

16-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул ардактуу – сыйлыгын алган 90 адамдын арасында Кыргыз-Орус Славян университетинин төрт студенти бар: Дастанбеков Айдар, Насыров Имран, Осмоналиева Рената жана Козадаева Дарья.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө – президенттик стипендиясы жөн гана сыйлык эмес, кесипкөй болууга жана өз дараметин ачууга умтулган студенттердин эмгегин таануунун символу экенин баса белгиледи.

«Биз сиздин билимиңизди жогору баалоо менен өлкөбүздүн келечегине инвестиция салып жатабыз деп ишенебиз. Мамлекет ар дайым өз өлкөсүнө берилген, анын тарыхын сыйлаган, элибиздин руханий баалуулуктарын сыйлаган жаштарды колдоп келет. Мен окууга толук умтулган, өз пикири бар жана дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган жаштарга чоң үмүт артам.», деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президенттик стипендиялар жыл сайын окууда, илимий ишмердүүлүктө жана коомдук турмушта жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн студенттерге ыйгарылат. Бул демилге өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо ала турган жаштарды стимулдаштырууга багытталган.

КРСУнун студенттерин татыктуу сыйлыктары менен куттуктайбыз жана аларга жаңы жеңиштерди жана ийгиликтерди каалайбыз!

Артка кайтуу