Кыргыз-Россия Славян университетинин архитектура, долбоорлоо жана курулуш факультетинин базасында жаш окумуштуулардын жана студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Иш-чара Луганск мамлекеттик университети менен биргеликте онлайн режиминде өттү.
«Тигүү өндүрүшүндөгү инновациялар жана салттар» деп аталган конференция университеттердин ортосундагы жаңы кызматташтыктын алкагындагы биринчи жолугушуу болду. Катышуучулар өз изилдөөлөрүн гана көрсөтпөстөн, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында биргелешкен илимий долбоорлорду, тажрыйба алмашууну жана студенттер менен мугалимдердин биргелешкен иш-чараларга катышуусун караган «Кызматташтыктын Жол картасы » макулдашылды.
КРСУнун студенттеринин докладдары езгече кызыгууну туудурду:
«Кыргыз костюму “Ак куу”» – маданий мурастын элементи катары улуттук кийимдерди изилдөө;
«Орус улуттук кийими: тарыхы жана салттары» – орус салттуу кийиминин өнүгүшүнө талдоо;
«Apsykling» – экологиялык тазалыкка басым жасоо менен кийимдерди кайра иштетүүгө заманбап мамиле.
Конференция Кыргызстан менен Лугансктын жаш окумуштуулары менен студенттеринин тажрыйба жана билим алмашуусу үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү пландалууда.