Популярные рубрики

Депутаттар Медербек Алиев менен Гуля Кожокулова студенттер менен жолугушту

Депутаттар Медербек Алиев менен Гуля Кожокулова студенттер менен жолугушту

6 июня 2024

Поделиться:

Бүгүн, 6-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Медербек Алиев менен Гуля Кожокулова Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттерин кабыл алды. 

Жолугушууда эл өкүлдөрү студенттерге депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу учкай кеп кылып, парламенттин тарыхы, түзүмү жана алардын функциялары жөнүндө маалымат беришти.

Ошону менен бирге депутаттар парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү, өздөрүнүн комитеттеги иштери тууралуу да айтып, анын ичинен жаштар арасында баңги заттарды колдонууну азайтуу, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытындагы демилгеленген мыйзам долбоорлоруна токтолушту. 

Өз кезегинде студенттер да кызыккан суроолорун узатышып, жоопторду алышты. 

Далее 

Вернуться назад